Лейлекте жолбун иттерди атып, Ош-Исфана унаа жолунун четине таштап коюшкан. Күн жылыганы жагымсыз жыт чыгып жатат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирип, видеосун жөнөттү.
"Жол четиндеги аңызга иттин өлүктөрүн таштап коюшкан. Алыс эмес жерде аялдама бар. Бул жерден эл ары-бери өтөт, жаман жыт чыгат. Мындай тарпты ветеринарлар атайын курчоого алынган, капкагы бар кудукка салып, айланасына хлор сээп же өрттөп туруп көмүшчү эле. Оору-сыркоо пайда болуп, аба аркылуу же ит-куш аркылуу тарап кетсе эмне болот?" - деген суроо салды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.