"Кырк чоро" бирикмеси 8-мартта Бишкекте жүрүштү уюштургандарды сотко берет. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган бирикменин лидери Замирбек Көчөрбаев өзүнө козголгон кылмыш иш боюнча Октябрь РИИБине сурак берип чыккандан кийин кабарлады.
Көчөрбаев алардан сот аркылуу 5 миллион сом өндүрүүнү көздөп жатканын белгиледи.
"8-марттагы жүрүшкө чыккандар боюнча телеканалдардын биринде "булар улуттук баалуулуктарга шек келтирди, сотко берүү үчүн жашаган даректектерин тактап жатам" деп айткам. Себеби сотко арыз алып барсам "дареги жок экен" деп арызды кабыл албай койгон. Ошондон улам даректерин чогултуп жаткам. Бирок алар муну коркутуп жатат, үйүңдү өрттөп кетем деп жатат деген маңызда түшүнүп милицияга арыз жазып коюшуптур. Ал арыздын негизинде мага Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренесинин негизинде "бейбаштык" боюнча кылмыш иши ачылып, бүгүн сурак берип чыктым. Эми мен дагы жүрүштү уюштургандарды сотко берип, 5 миллион сом өндүрүп алууну көздөп жатам", - деди Көчөрбаев.
Ошондой эле жүрүшкө уруксат бергендерге юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага кайрылганын кошумчалады.