super.kg logo

"Чай куюу келиндин милдети эмес", "Кааласам төрөйм, каалабасам жок"... "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын талкууга түшкөн чакырыктары

 
Казакстандан атайын келген конок.

Бүгүн, 8-мартта борбор калаада "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мүчөлөрү өткөргөн тынч митинг Уркуя Салиеванын эстелигинин жанындагы бийи менен жыйынтыкталды.

Тынч митингдин уюштуруучуларынын айтымында, ага болжол менен 500гө жакын адам катышты. Алгач митингге 250-300гө жакын адам чогулган, кийин алардын саны өскөн. Ага катышуу үчүн айрымдары Казакстандан да келген. Митингдин жүрүшүндө уюштуруучулардын "Келин болуу - бул кулчулук", "Чай куйганга милдеттүү эмесмин", "Аялдын орду Ак Үйдө", "Кааласам төрөйм, кааласам төрөбөйм", "Аял бала төрөөчү машина эмес", "Менин денем - менин ишим", "Жети апамды билем" деген ураан, чакырыктары көп кайталанды. Кыргыз коомчулугу бул чакырыктардын баарын эле колдобой турганы интернет баракчалардан байкалууда.

"Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын координатору Айзат: "Биздин кыймыл 2009-жылдан бери иш алып барат, расмий түрдө 2012-жылдан бери иштеп келебиз. Бул жылы төртүнчү жолу тынч митинг өткөрүп жатабыз. Чынын айтсам, биринчи жолу бул митингге ушунча көп адам катышып берди. Биз эч кимди чакырган эмеспиз, бүгүнкү митингге катышкандардын баары өз каалоосу менен социалдык тармакта тараган маалыматтардан окуп чогулгандар. Кимдир бирөөнү бул митингге катыш же катышпа деп каршылык көрсөтө албайбыз", - деди.

Казакстандан келген "Не молчи КЗ" кыймылынын өкүлү Йоханна: "Казакстанда бул маршка тыюу салынган, тыюу салуу бир нече жылдан бери уланууда. Мен кичинекей кезимде педофилдин курмандыгы болгом, кийин чоңойгондо да сексуалдык зордук-зомбулукка кабылдым. Мен өзүмдү кир жана жаман сезчүмүн. Төртүнчү жолу өз өмүрүмө кол салууга аракет кылганда буга менин майыптыгым себеп болгонун түшүндүм, бир колумдун билектен ылдый жагы тубаса жок.

Чынында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар зордук-зомбулукка көп кабылышат. Кыргыз өлкөсүндө абал кандай экенин билбейм, бирок Казакстанда мындай аялдарды коргоо үчүн эч нерсе жасалган жок. Буга менин 30 жылдык өмүрүм далил", - деди.

"Феминисттик демилгелер" кыймылы аял укуктары, аларга жетиштүү көңүл бурууну талап кылып чыгабыз деп окшош жыныстуулардын мамилесин колдоорун ачык көрсөтүштү" дегендер четтен чыгууда. Буга жүрүштүн катышуучуларынын ЛГБТ желегин оронуп жүргөнү, жүрүштүн соңундагы эркек адамдын кызча бийлегени жана айрым лозунгдары далил болду.

Жөө жүрүшкө Жогорку Кеңештин экс-депутаттары жана активисттер, кичинекей балдары менен келген энелер жана эркектер да катышты. Коомдук тартипти Бишкек ШИИББинин кызматкерлери камсыздашты.

Жүрүштөн тартылып алынган айрым сүрөттөр талкууга түшүп, кээ бирлер кыжырланып жатканын жашырышкан жок.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(41)
08.03.2019. 14:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
05-08-2017
Соӊку аракети:
26-03-2019 15:30
Жынысы:
Белгисиз
+32
Бул нерсенин аягы барып, Кыргызды тукум-курут кылат.
08.03.2019. 14:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
05-08-2017
Соӊку аракети:
26-03-2019 15:30
Жынысы:
Белгисиз
-1
Президенттин эл козуно намаз окуганынын далили болуп калды. Чындап намазкой киши болсо, бул нерсеге жол бербейт болчу.
08.03.2019. 15:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
26-03-2019 21:52
Жынысы:
Белгисиз
-24
Jarma,
Намаз окуу, диний фанатизмдин бул нерсенин кереги жок. Ошол намаз окуйбуз дегендерди коруп жатабыз. Корунгон жерде арабташып журушот.
08.03.2019. 16:44 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
509
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
25-03-2019 16:50
Жынысы:
Белгисиз
+12
Jarma,Президенттин кандай тиешеси бар бул жерде? Митинг өткөрүүгө уруксатты мэрия берип жатпайбы. Шымын булгап алса да президенттен коро бергенди качан токтотобуз?
08.03.2019. 18:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
12-01-2018
Соӊку аракети:
12-03-2019 22:40
Жынысы:
Белгисиз
+11
Bazake,Ушундай тиешеси бар да тууганым. Журт атасы олконун улуттун кызыкчылыгын биринчи очередь жооп бере турган адам. Оздоруно ынгайлуу мыйзамдарды канчалган катасы болсо да откоруп алышат а мындай акмактарга атайын мыйзам иштеп чыгышпайт себеби НПОлордон акчаны жеп алган.Мунун артында еврейлер США турат
09.03.2019. 00:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
05-08-2017
Соӊку аракети:
26-03-2019 15:30
Жынысы:
Белгисиз
+6
Bazake,мерия кимдин көзүн карайт? Калп эле билмексен болбочу. Элдин баары билет, баары президенттен көз каранды экенин. Парламенттик деген атыбыз эле бар. Ушундай демократиялык өлкө болгуча болбой эле койгон жакшы. Биздин өлкөдө мындай жат салтка орун жок деп койсо бүттү.
08.03.2019. 16:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
17-03-2019 12:48
Жынысы:
Белгисиз
+8
Jarma, Эгер буларды камап салса айтат эленер тынчтык митинги отуп жатканда буларды камады бийлик жаман деп силерге озу эчтемке жакпайт койгулачы олбогур создорду апырта бербей.
08.03.2019. 21:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
26-03-2019 23:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Jarma,ажатканага бара албай калсанар да президенттен коро бир берниле эми
09.03.2019. 00:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
05-08-2017
Соӊку аракети:
26-03-2019 15:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jarma,бул жерди жалаң эле феминисттер басып кеткен окшойт. Дизлайктардын кобөйүп кеткенине караганда
08.03.2019. 14:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
26-03-2019 21:52
Жынысы:
Белгисиз
+30
Бир эле феминисканын оюу, жалпы кыргыз аяз затынын оюн билдирбейт. Бизде бала тороп бактылуу эне статусун алып жашаган кыз келиндер толтура. Алардын баары эле феминистка эмес. Кандай болгон кундо да кыз болобу эркек болобу балалуу болууга милдеттуубуз. Бала чонойтуп, татынакай билим берууго милдеттуубуз.
08.03.2019. 14:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
26-03-2019 23:03
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул элдин куноосу келин келдиби кызматка милдеттендирип салышат. Сен келинсин сен баш которуп суйлобо деп. Жерди да кайра кайра ура берсен жарылат эмеспи ошол сыяктуу муундан муунга кыздар андай кулчулука баш ийгиси келбей жатканы бышык. Кеоинди жакшы дебеген элге чала эле болот.
09.03.2019. 01:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
05-11-2014
Соӊку аракети:
26-03-2019 12:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aytur,Ошол НПОлор да дал ошол элдин социалдык абалынан койгойлорунон башкача айтканда таалуу жеринен кармашат да баары эмес бирок келинди аялды кордогон Уй булолор бар жадакалса коп. Мына ошол жерден пайдаланып жатпайбы айланып келип кайра эле озубуз куноолуу бп жатпайбы.
08.03.2019. 15:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
21-10-2015
Соӊку аракети:
26-03-2019 21:28
Жынысы:
Белгисиз
+23
Элдин койгоюн которуп чыккандарды кууп камабай, ушундайларды кууп жок кылышбайбы..
08.03.2019. 16:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
03-08-2011
Соӊку аракети:
26-03-2019 19:25
Жынысы:
Белгисиз
+16
Qwer007,Туура айттын азамат
08.03.2019. 17:32 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
17-12-2018
Соӊку аракети:
26-03-2019 22:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мусулмандар өлкөсү!
+16
АстагфирАлла! Транс болуп сыймыктанам дейби?
Аларды ээрчип алган кыргыз аялдары, жепжутарларга жол болсун.
Чай куюп берүү бул сыйлоо эмеспи, анын эмнеси кулчулук. Ойгон Кыргыз аялзаты, батыштан келген жин шайтандарды ээрчибе!
08.03.2019. 15:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
19-07-2013
Соӊку аракети:
15-03-2019 19:04
Жынысы:
Белгисиз
+22
Кудайдын каргышына калып, колдоосунан кур жалак калгандар же болбосо туура эмес жаралып калгандар. Буларга боорум "ооруйт", коомдо ашыкча "лишний" адамдар...Кудай бизди копчулуктон болокчо Жаратпаганына шугур.Эл менен жургонубузго шугур..
KUMKA түзөттү 2019-03-08 15:12:55
08.03.2019. 15:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
04-02-2018
Соӊку аракети:
12-03-2019 08:43
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сүйүүсү жок туулгандар.
08.03.2019. 15:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
171
Катталган:
16-01-2018
Соӊку аракети:
26-03-2019 20:47
Жынысы:
Белгисиз
+14
Акчанын кулдары, бүгүн бар да эртең жок
08.03.2019. 15:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
18-08-2018
Соӊку аракети:
22-03-2019 18:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ала-Тоо...
+17
Еврейлер долларларын аябай чачканго Кыргыз еврейкаларына. Маңкуртчулук бул шайтандар короче.
08.03.2019. 15:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
26-03-2019 19:59
Жынысы:
Белгисиз
+15
Баягы эле шаарда өскөн жашоого түшүнүгү жок адамдар чыгат. Мусулман эмес болсо да кээ бир өлкөлөрдө гей транстарга жаза колдонот. Биздин акмак ушуга окшогон аялдар оюна келгенин жасап жатат. Тыюу салыш керек мындайларга. Намаз Оку окуба бардык аялдар келин болгон соң күйөөсүнүн ата энесин сыйлаш керек чайын коюп тамагын жасап бала төрөп аларга тарбия бергенден өткөн бакыт барбы. Мен ойлойм Кыргызымдын акылдуу ыймандуу кырдары мындай акмактарга көңүл бурбайт деп.
08.03.2019. 15:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
288
Катталган:
22-10-2017
Соӊку аракети:
24-03-2019 18:34
Жынысы:
Белгисиз
+16
"Кааласам торойм, каалабасам торобойм" - торосонор да озунор учун торосойсунор. Буроо учун торогон жоксунар. Феминисттерди эч ким торогуло деп кыйнаган жок. Болбогон бир лозунгтарды айта беришет.
08.03.2019. 15:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
02-04-2017
Соӊку аракети:
26-03-2019 22:47
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жаш балдарды эмнеге алып барасынар.
Кобу тушунбосо деле керек эмнеге барышканын, эл дарбыса эшек кошо дарбыйт болуп
08.03.2019. 16:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
310
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
26-03-2019 18:03
Жынысы:
Белгисиз
+12
Биздеги НПОлорду жок кылыш керек антпесе алар Кыргызстанды келечекте жок кылат.
08.03.2019. 16:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
479
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
26-03-2019 14:31
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уят эле кайда бара жатабыз кыргызым. НПОлор кыргыздын душманы. Кичине эсибизге келип, мындай салтыбызга туура келбеген жоруктан алыс болсок. Андан көрө Кыргызстанды канткенде өнүктүрө алабыз толтура маселе турат башыбызда.
08.03.2019. 17:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
17-03-2019 12:48
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргызстандагы НПОлорду тынчы деп кабыл алып алардын баарын мамлекеттен чыгарыш керек болуп калды корунот
08.03.2019. 17:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
346
Катталган:
07-09-2010
Соӊку аракети:
26-03-2019 21:58
Жынысы:
Белгисиз
+16
Апппейй эмнеде деген шумдук эми бул. Тобооо, Равшан эмне журот ал да чай куйбайм дейби
08.03.2019. 17:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
26-03-2019 22:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+13
Торосон, төрөбөсөң өзүңдүн ишиң да.Тороп бала багып,күйөө менен эле бактылуубуз буюрса.Аялдын бактысы үй-бүлө.
08.03.2019. 17:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
26-03-2019 22:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+11
Анан Равшан Жээнбековду акылдуу эле киши деп жүрүпмүн.
08.03.2019. 17:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
424
Катталган:
09-09-2015
Соӊку аракети:
26-03-2019 22:07
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кечээ Кырк Чоро каршы жүрүшкө чыгат экен десе жаман көрдүм эле. Эми мынтип кызыл көк транстар аралашып кетиптир. Кырк Чоробуз гүл таркатып жүрөт. Ит болдук гей парад өткөрүп
08.03.2019. 17:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
25-03-2019 20:37
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чайды келин куйбаганда тайнеси келип куйуп береби,булар кыргыздын каада салтын жоготкусу келгендер.Туура келин кул эмес бирок жаш келсе ишке,каары келсе ашка деген жакшы соз бар.Анан биз жаштар турганда улгайган ата-энелерибиз куйуп берсинби.Бул жер кыргыздын жери андай тунгуюк жерге алып барчу нерселерди башка жака барып кылгыла урматтуу уюштуруучулар!
08.03.2019. 18:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
553
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
26-03-2019 16:42
Жынысы:
Белгисиз
+7
Торобосонор торобой силер жок болуп кеткилечи биз соонун эле жашап жатканда экинчи сурот кантет тообо жакшынакай эле кыздар(
08.03.2019. 18:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
26-03-2019 23:47
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гей парад
08.03.2019. 19:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
22-11-2017
Соӊку аракети:
27-03-2019 00:05
Жынысы:
Белгисиз
+6
Буларга маани беруунун кереги жок. Мен мисалы кааласа чай куюп, кааласа торочуулорго уйлонбойм. Башы бар копчулук жигиттер да ушундай кылат. По эми Жиндилерге жиндилер табылат.
08.03.2019. 20:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
04-03-2013
Соӊку аракети:
26-03-2019 02:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Буларды уюштуруп жаткандардын түбү Америкалык шпиондор, алар НПО лор менен да иштешет эмеспи. Америкалап журуп Равшан деген эме да кошулуп алганын кара,турганын шпиондой болуп...
08.03.2019. 21:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
27-03-2019 00:22
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ээх кебетең кургурлар... Келечекти ойлоп коркосуң го
08.03.2019. 23:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
217
Катталган:
04-10-2007
Соӊку аракети:
26-03-2019 22:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+6
Тең укуктуулук деп феминисттер чыгып атат. АКШда ушул жагдай бар. Тамак чогуу жасашат, идиш жууйт эркек. Балдарды карашат дегендей. Бирок билгиле кыргыз кыздары: аларда тең укуктуулук бар үчүн аялда эркектей чогуу иштешет(ооруп каласыңбы жокпу эркектей болуп үй-бүлө бюджетине акча саласың. Кыз-жигит ресторанга барса ортодо акча төлөйт. Тең укуктуулук. Оор сумка көтөрүп бир кыз кетип атса эркектер жардамга келбейт, тең укуктуулук деп. Мен билбеген толтура кемчиликтер бар. Орду ордунда эле болсунч
09.03.2019. 14:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1184
Катталган:
05-05-2013
Соӊку аракети:
26-03-2019 20:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-2
newman,кыргыз аялдарында эркектен да оор жумуш кылгандары толтура. Канча эркек үйдө бала багып отуруп, канча аял үй бүлөнү багып жатат.
Албетте мен бул митингди колдобойм дечи. Андай нерселерди үй бүлө өзү эле чечишип алса болот.
09.03.2019. 09:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
13-12-2017
Соӊку аракети:
26-03-2019 23:16
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушулардын баарысы жон эле чыкты дейсинерби.нполордун акчасын жегендер да. Ушинтип анча мынча козго корунуп отчет берип турбаса акча толонбой калат буларга. Уйундо жакшына келин бирок кочого чыкканда келин бул кулчулук дегендер да бпр арасында. Мунун баары воздухтан келген акчадан айрылып калбоо
09.03.2019. 09:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
953
Катталган:
21-05-2012
Соӊку аракети:
26-03-2019 12:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета
+5
Бала туубайм дегендер кийин өкүнөсүңөр. Картайып карууңдан күч кеткенде жеңилин жерден, оорун колдон ала турган эч кимиң жок аттиң бир балалуу болсом болмок экен деп арман кыласыңар го... А тиги жээнбеков, карасартова, байсаловду транстарга кошуп туруп өрттөп салыш керек!!! Булар кыргыз деген улуу атты булгаган акмактар!!!
09.03.2019. 11:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
02-08-2018
Соӊку аракети:
26-03-2019 21:29
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул аялдар Ата энесин сыйлабаган чай куйуп Берген эмес аялдарго тарбиясыздар уят жоктор кантип кайсыл бет менен чыкты
11.03.2019. 10:42 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
288
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
13-03-2019 23:05
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ Зере менен педагог ХХХХ атасы Асылбек корунбойт го?!!

Асылбек "кызым Зере, чай ичкен сон идиштерди озунор жыйыштырып озунор жуугула деп акылдуу кеп айтты" деп дооруп журот эле го?!!

Ошол Асылбек Роза апжесин (Отунбаева) кошо алып чыкпаптыр да, ошого окшогондордун митинги экен, Батыштын кулу болгон.....
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-11 12:42:05
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
124363;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: