Укук коргоочу: "Сот отурумунда Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовго аялдары жана балдары менен учурашууга уруксат берилген жок"

Бүгүн, 13-мартта экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурумда аялдары жана балдары менен учурашууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу журналисттерге соттук отурумдун катышуучусу, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди.

Анын айтымында, сот залынан баары чыгарылгандан кийин прокурорлор, соттор жана айыпталуучу тараптар Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов калган.

"Баарыбыз чыгып кеткенден кийин кээ бир жактоочуларды калтырып коюп, прокуратура эмне кылып жатканын билбейбиз. Соттук отурумда ар бир кыймыл ачык болушу керек. Алар эмне кылып жатканы белгисиз", - дейт Үмөталиева.

Ал эми прокуратура кызматкери алар өздөрүнчө калганда эмне маселе тууралуу сөз болгондугу боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Буга чейин маалымдалгандай, бүгүнкү сот отуруму ачык болору айтылып, ага айыпталуучулардын жакындары, тарапташтары жана журналисттер келип, залдын тардыгына байланыштуу айрымдар сыртта калган.

Мындан мурунку соттук отурум 6-мартка белгиленип, кайра бүгүнкүгө жылдырылган болчу. Соттук отурумдун жүрүшүндө зал кичинекей болгондуктан айыпталуучулардын тарапташтары, жакындары жана журналисттер батпай, ЖМКнын өкүлдөрү сыртка чыгарылган. Айыпталуучулардын жактоочусу Сергей Слесарев сот отурумун өткөрүү үчүн эч кандай тиешелүү шарттар каралбаганына нааразы болгон.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда.

Ушул жылдын 6-мартынан тартып Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала башталды. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан