Өткөн жылы 26-январда Бишкек ЖЭБинде орун алган өндүрүштүк кырсык андагы алешемдиктердин ачыкталышына себеп болду. Кырсыктан кийин ЖЭБди жаңылоо үчүн Кытайдан 386 миллион доллар насыя алынган, бирок жыйынтык болгон жок деген сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.
Тергөө иштери ЖЭБди жаңылоодон өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тартканын көрсөткөн. Ал эми "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан 8 аткаминердин кылмыш иштери Свердлов райондук сотуна өткөрүлгөн. Буга чейинки соттук уктурууларда алардын жактоочулары отурумдар ачык өтсүн деген өтүнүчтөрдү келтирерин айтышкан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "ЖЭБди жаңылоо ишинде коррупция болгону коомчулукка кеңири айтылган. Бул ишти кароодо сот процесси да ачык болгону туура болот беле?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев депутаттык комиссиянын маалыматында жашыра турган эч нерсе жок болчу деп билдирди.
“Жашыра турган эч нерсе жок, ачык эле болушу керек. Биз айткан маалыматта жашыра турган эч нерсе жок болчу. Эмне үчүн сот процесси жабык болушу керектигин түшүнбөйм. Бирок соттук отурум жабык эмес, туугандары катышып ачык болуп жатат го. Негизи сот процесстеринде мамлекеттик жашыруун маалымат болбосо ачык болушу керек”, - дейт Масалиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Алмамбет Шыкмаматов, Ирина Карамушкина, Мирлан Жээнчороев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикирин бул шилтемеден окуңуз.