Депутат Алмамбет Шыкмаматов: "Журналисттер ЖЭБди жаңылоо ишиндеги соттук отурумду башынан аягына чейин чагылдыруусу керек"

Өткөн жылы 26-январда Бишкек ЖЭБинде орун алган өндүрүштүк кырсык андагы алешемдиктердин ачыкталышына себеп болду. Кырсыктан кийин ЖЭБди жаңылоо үчүн Кытайдан 386 миллион доллар насыя алынган, бирок жыйынтык болгон жок деген сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Тергөө иштери ЖЭБди жаңылоодон өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тартканын көрсөткөн. Ал эми "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан 8 аткаминердин кылмыш иштери Свердлов райондук сотуна өткөрүлгөн. Буга чейинки соттук уктурууларда алардын жактоочулары отурумдар ачык өтсүн деген өтүнүчтөрдү келтирерин айтышкан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "ЖЭБди жаңылоо ишинде коррупция болгону коомчулукка кеңири айтылган. Бул ишти кароодо сот процесси да ачык болгону туура болот беле?" деген собол салды.

Бул суроого Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов жооп берип, ЖЭБди жаңылоо ишиндеги сот процессине эл аралык уюмдар жана инвесторлор дагы көз салып турганын айтты.

“ЖЭБди жаңылоо ишинде коррупция болгонун коомчулук жатка билет. Ошондуктан ал ишти кароодо сот процесси ачык болушу керек. Журналисттер ЖЭБди жаңылоо ишиндеги соттук отурумду башынан аягына чейин чагылдыруусу зарыл. Мен мындай нерсени башымдан өткөн киши катары айтып жатам. Бул абдан чуулгандуу иш. Себеби ЖЭБди жаңылоодогу коррупциялык берене менен козголгон кылмыш ишин Кыргыз өлкөсү эле эмес, Кытай мамлекети, эл аралык уюмдар жана инвесторлор дагы көз салып турган сот процесси болуп саналат. Ошондуктан максималдуу түрдө ачык кылуу керек. Ошондо гана эл соттун адилеттүү өкүм чыгарганына ишенет”, - деди Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Мирлан Бакиров, Ирина Карамушкина, Мирлан Жээнчороев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикирин бул шилтемеден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан