Өткөн жылы 26-январда Бишкек ЖЭБинде орун алган өндүрүштүк кырсык андагы алешемдиктердин ачыкталышына себеп болду. Кырсыктан кийин ЖЭБди жаңылоо үчүн Кытайдан 386 миллион доллар насыя алынган, бирок жыйынтык болгон жок деген сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.
Тергөө иштери ЖЭБди жаңылоодон өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тартканын көрсөткөн. Ал эми "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан 8 аткаминердин кылмыш иштери Свердлов райондук сотуна өткөрүлгөн. Буга чейинки соттук уктурууларда алардын жактоочулары отурумдар ачык өтсүн деген өтүнүчтөрдү келтирерин айтышкан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "ЖЭБди жаңылоо ишинде коррупция болгону коомчулукка кеңири айтылган. Бул ишти кароодо сот процесси да ачык болгону туура болот беле?" деген соболуна депутат Мирлан Жээнчороев жооп берди.
Ал мамлекеттик купуядан башка сот отурумдарынын бардыгын ачык өткөрүү керек экенин белгиледи.
“Бир эле ЖЭБди жаңылоо ишиндеги коррупция эмес, жалпы коррупция беренеси менен козголгон иштердин бардыгында сот процесси ачык-айкын өтүшү керек. Ошондо гана соттун адилеттүүлүгүнө элдин жана коомдун ишеничи пайда болот. Ошондуктан сот отурумдарын электрондоштуруу, анын материалдары жана жүрүп жаткан процесстерин онлайн кылуу зарыл. Мамлекеттик купуялар, жашы жетелек балдардын үстүнөн зомбулук жана зордуктоо иштери жабык болушу мүмкүн. Ал эми мамлекеттин мүлкү менен байланыштуу болгон коррупция маселеси жана кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонгон беренелер боюнча айыпталып жаткандардын сот отуруму ачык өтүшү керек.
Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топторго болгон чоң күрөштүн да соттук процесстерин ачык кылуу абзел. Бишкекте сынактык негизде кээ бир соттордун иш бөлмөсүнө онлайн видеокамералар коюлуп жатат. Коомчулукка сот отурумдарын онлайн көрө тургандай шарт түзүп берүү керек. Эгерде сот отурумдары ачык-айкын өтпөсө, сот адилеттүүлүгүнө элдин ишеними кетип, укук коргоо органдары туура эмес иштерин жаап-жашырып жатат деген ой калат”, - деди Жээнчороев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Исхак Масалиев, Алмамбет Шыкмаматов, Ирина Карамушкина, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикирин бул шилтемеден окуңуз.