Кыргыз мамлекетинин чет өлкөлөрүндөгү элчиликтердеги котормочулардын абалы боюнча маселе көтөрүлдү

"Дипломат - өзүнүн абийрин жана өлкөнүн намысын бийик туткан инсан болушу керек". Мындай пикирин бүгүн, 14-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекетинин чет өлкөдөгү элчилери менен жолуккан учурда билдирди.

Анда өлкө башчы элчи саясий кызмат экенин айтты.

"Кыргыз тарыхында өз мекенине, элине ак кызмат кылган элчилер өткөн. Ошондуктан биздин эл илгертен элчилерге терең сый-урмат менен мамиле кылып келген. Азыркы татаал дүйнөлүк кырдаал баарыбызга жаңы талаптар менен милдеттерди коюуда. Эл аралык кырдаал өзгөрүлмө болуп турган шартта биздин дипломатиялык кызматыбыз мурдагыдан да натыйжалуу, максаттуу иш алып барышы керек. Мындан тышкары элчиликтердеги котормочулардын абалы начар болуп жатат. Мен барган элчиликте котормоңор жакшы болбой жатат. Котормочусу жок элчилик, элчилик эмес. Ошондуктан замандын талабына ылайык, унаа айдаган шопурга чейин тил билиши керек. Мен ушуну талап кылам. Бүгүн мен бир топ тапшырмаларды берип жатам, анын натыйжасы болушу керек. Силер Кыргыз өлкөсүнүн экономикасын өнүктүрүүгө салымыңарды кошушуңар зарыл. Элчи болдум деп эле чет жакка чыгып кетүү эмес. Силер өлкөнүн ички саясаты менен дайыма байланышта болушуңар керек", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан