Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан жаңжал тууралуу Чек ара кызматы саат 10:00гө карата маалыматты таратты. Белгилүү болгондой, учурда абал туруктуу.
"Таш-Тумшук аймагында 1 үй, 1 Ауди үлгүсүндөгү автоунаа жана КамАЗ жүк ташуучу унаасынын чиркегичи өрттөлгөн. Мүлктөр Кыргыз өлкөсүнүн жаранына таандык болгон. Төрт-Көчө жолун тосуп алган Тажик жарандары өрттү өчүрүүгө бара жаткан өрт өчүрүү кызматынын унаасын өткөрбөй коюшкан. Буга чейин белгилүү болгондой, Орто-Боз айылында дагы тургундун сарайын Тажик жарандары өрттөп салышкан", - деп билдирет Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү.
Маалыматта кошумчалангандай, Баткен облустук Чек ара кызматы тарабынан чек араны кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөн. Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары К.Исаков кечээ, 13-мартта окуя болгон жерге барган. Бүгүн, 14-мартта Тажик чек арачылары менен жолугуп, сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев учуп кетти.