Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин ооруканага жаткырылган Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрованын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда SUPER.KG порталына Баткен облустук ооруканасынын башчысы Нурлан Салиев билдирди.
"Разия Өсөрова кечээ, 22-январда кечинде стресс абалда келип түшкөн. Денесинде бир-эки көк тактар бар. Учурда рентгенге, УЗИге тартып жатабыз. Тынч эс алышы керек болгондуктан, ага эч ким киргизилген жок", - дейт Салиев.
Ошондой эле башкы дарыгер буга чейин чыккан чек ара жаңжалдарында да Өсөрова стресс абалда келип, дарыланып кетип жүргөнүн кошумчалады.
Айта кетсек, 22-январь күнү саат 17:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып, ал таш ыргытышуу менен аяктаган. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында, 1 турак үй жана 4 автоунаа зыянга учураганы айтылат. Бирок алар кайсы өлкөнүн жарандарына тиешелүү экени айтылган жок.
Айрым маалымат каражаттары Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрованын Тажик жарандары тарабынан сабалганын жазып чыгышты. Бул боюнча Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда, буларды билдиришти:
"Эки өлкөнүн жарандары топтошкон жерге Разия Өсөрова барып, жаңжалды токтотууга аракет кылган. Ошол маалда бирөө аны түртүп жибериптир. Ал эми анын сабалганы боюнча маалымат жок".