Москвада таштанды толгон батирден жалгыз табылган 5 жаштагы кыздын абалы жакшырып, кээ бир сөздөрдү сүйлөй баштады

Буга чейин Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги таштанды толгон батирден 5 жаштагы жалгыз калган кыз табылганы маалымдалган. Полиция менен ӨКМ кызматкерлери батирдин эшигин сындырып киргенде анын ичи толтура таштанды болуп, ашканадан абалы оор, өтө жүдөгөн, ачка кызды табышып, ооруканага жеткиришкен.

Бүгүнкү күндө кыздын абалында өзгөрүүлөр болуп жатканын орусиялык маалымат булактары жазып чыкты. Андагы маалыматка ылайык, Люба азыр тамак жеп, ооруканадагы кызматкерлердин сөздөрүнө көңүл буруп, китеп, оюнчук, фломастерлерге кызыгып жатат. Мындан тышкары ал "тапочки" деген сөздү сүйлөгөн. Дарыгерлер ал табылган учурдан тартып буга чейин сүйлөбөгөндүгүн катуу коркуп, стресске кабылгандыгы менен байланыштырышкан.

"Ал биринчи келгенде жуунгандан, сууга түшүүдөн аябай коркчу. Азыр да суудан абдан коркот, душту буга чейин көргөн эмес. Түнү керебетке жатпай ыйлайт, отургучту жыгылтып алып ошол жерде уктайт, ал уктагандан кийин оорукананын кызматкерлери көтөрүп керебетке жаткырышат. Мурун, ооз, көздөрүн айтып, түшүндүрүшкөндө аны кайра дароо туура көрсөтүп жатат. Бир аз убакыт берсек ал кадимки жашоо-шартка көнүп кетет. Анын акыл-эсинде кемчиликтер жок жана өсүүсү дароо байкалууда. Ооруканада дагы 1-2 аптадай болуп, андан кийин Люба атайын санаторийге жөнөтүлүп, ал жерден кыз менен психологдор иш алып барат", - деп айтылат маалыматта.

Кабарда белгиленгендей, анын апасы Ирина Гаращенко 2 айга камакка алынган. Прокуратура аны энелик укуктан ажыратууну суранууда. Гаращенко өзү тергөө учурунда "кызым 15 киши эшикти сындырып, чогулуп кирип келгенде катуу коркуп кетип, сүйлөбөй калган. Аны чочуткансыңар" деп айткан. Ошондой эле ал үйдө бала багуучу болгонун кошумчалаган. Басылмалар анын мурда берген көрсөтмөсү менен бул көрсөтмөлөрү дал келбей жатканын жазышат. Ирина Гаращенко адам өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталууда, бирок ал күнөөсүн моюнуна албай турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zhanybek88
2019-03-14 16:51:05
Таш боор ене екен
+1
tynara81
2019-03-14 16:54:42
Таштанды толо үйдо кайдагы бала багуучу. Элли жинди деп ойлойбу ал эне сөрөй.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан