Москванын Ленинград шоссесиндеги 8 кабаттуу үйдүн батиринен полиция кызматкерлери менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери 5 жаштагы жалгыз калган кызды табышты. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып, окуя бүтүндөй жергиликтүүлөрдүн үрөйүн учурганын белгилешүүдө.
Маалым болгондой, 5 жаштагы кыз табылган 3 бөлмөлүү батир бүт тизеден таштандыга толуп жаткан. Терезелери ачык, суу, электр жарыгы болсо эчак өчкөн. Андагы жыт эшикти ачканда эле каңылжаарды жарганы жазылат маалыматта.
Адегенде батирге коңшу турган Денис аттуу адам тамеки чеккени сыртка чыгып, батирден баланын ыйлап жатканын уккан. Эшикти тыкылдаткан кезде эч ким ачкан эмес, бирок анын ыйы уламдан улам катуулап баштаган. Мындан улам Денис коңшулары менен полицияга кабар берген.
"2 полиция кызматкери келди. Бири аял, дагы бирөө эркек киши экен. Көпкө чейин эшикти такылдатып жатышты. Ал кезде баланын үнү угулбай калган. Бирок эч ким ачкан жок. Андан кийин алар жетекчилигине чалып, эшикти сындырып кирүүнү суранышты. Бирок уруксат берилген жок окшойт, дароо чечим чыгара албай жатышты. Ошол кезде полиция аял өзүнүн профессионал экенин көрсөтүп, ӨКМны чакырып, кантсе да эшикти сындырып кирүү чечимине токтолду. Ал жаңылышпаптыр. Эшик ачылганда баары нес болуп калышты", - деген коңшуларынын бири.
Маалыматта жазылгандай, Лиданын (ред. жергиликтүү маалымат булактары азырынча кызды ушундай атап жатышат, аты өзгөртүлгөн) үстүндө өтө эски майка, башында кирдеп, болбой калган кышкы тумак болгон. Башка кийими жок, моюнуна жана колуна резинка байлап алган тейде табылган. Анда анорексиянын белгилери дароо байкалган, ачка, ооруп жатканы аныкталган. Мындан тышкары өз алдынча муктаждыктарын жүргүзгөндүктөн денесинин баары булганган. Ал сүйлөгөндү билбейт, адамдарды көргөндө таң калган. Кызга дароо 2 кружка суу беришкенде ал үчүнчүсүн да сурагандыгы жазылат маалыматта. Колуна эчак тагылган шуру-мончок терисине өтүп кеткен, кийин аны хирургиялык жол менен алышкан.
Коңшулары полицияга анын апасы тууралуу айтып беришкен. Лиданын апасы 43 жашта. Ал коңшуларына электрик болуп иштээрин айткан.
"Ал украиналык эркек адам менен жарандык никеде 2-3 жылдай чогуу жашады. Кийин Лида төрөлдү. Бала төрөлгөн 1 жылда келин аны коляскага салып сейилдеп көп жүрүшчү. Көп өтпөй күйөөсү аны таштап кетти. Андан кийин эле кызы көрүнбөй калды, биз сурасак кээде бала бакчада, кээде туугандарыбыздын үйүндө деп койчу", - дешкен коңшулары. Ошондой эле алар Лиданын апасын таза, тыкан кийинген, өзүн маданияттуу алып жүргөн аял катары билишерин, анын батири мындай болот деп ойлошпогонун кошумчалашкан.
Келин сурак учурунда коммуналдык төлөмдөргө карызы, насыясы бар экенин айтып, акча табуу үчүн ушундай кадамга барганын билдирген. Басылмалар анын коммуналдык кызматтарга 600 миң рубль карыз экенин, буга байланыштуу үйдөгү бардык кызматтар өчүрүлгөнүн жазышкан.
Орусиянын акыйкатчысы кыздан кабар алып, дарыгерлер анын акыл-эси жайында деп божомолдоп жатканын айткан. Анын айтымында, кыз бир катар ооруларынан дарыланууда, мөмө-жемиштерди адегенде жыттап, андан кийин жеп жатат. Жакшы кароо болсо өзү теңдүүлөр сыяктуу өсүүсү калыбына түшөт. Бирок сүйлөөнү үйрөтүү үчүн көп эмгек керек. Маалым болгондой, кыз акыркы 6-7 ай аралыгында сыртка чыккан эмес, апасы кээде келип, тамак жана суу таштап кетип турган. Бирок ал акыркы бир нече күн аралыгында үйүнө келбегендиги маалымдалган.
Бул боюнча учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө. Апасы психикалык текшерүүдөн өтөрү жазылат маалыматта.