Эл өкүлү Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишиндеги мыйзам бузууларды таап чыккан жумушчу топко коркутуулар болуп жатканын билдирди

Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишиндеги көптөгөн мыйзам бузууларды таап чыккан жумушчу топко жана эксперттерге карата коркутуулар болууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Аида Исмаилова билдирди.

"Алтургай мени да фармацевтикалык мафиянын кызыкчылыгын жактагандар ачык эле коркутуп баштады. Алдын ала иликтөөлөргө ылайык, мамлекеттик сатып алуулардын гемодиализ жаатында эле 75 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Ал эми Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жооптуу кызмат адамдарына карата 10 кылмыш иши козголду. Алар жалпысынан 22 миллион сом зыян келтирген деп шектелүүдө. Башкы прокуратура мындай мыйзам бузуу жосундары жетекчиликтин өз милдетин талаптагыдай аткарбагандыгынан улам болгонун билдирген", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан