ИИМдин Орусиядагы өкүлү: "21 жаштагы кызды жыйырмадай эркек зордуктады деген факт такталган жок. Маалыматты тараткан адамдын аракетине юридикалык баа берилет"

Социалдык тармактарда кыргыз кызын Орусияда 20дан ашык эркек зордуктаганын Тилек Таалайбеков аттуу интернет колдонуучу жеке баракчасында түз эфирге чыгып айткан. Бул маалымат боюнча Орусиядагы ИИМдин өкүлү Аскат Алиев билдирүү жасап, маалымат тараткан жаранга юридикалык баа бериле турганын жазып чыкты.

Алиевдин айтымында, бул билдирүү социалдык тармакта кызуу талкууланып, азыркы убакка чейин түшүнбөстүктөр болууда.

"Акыркы такталган маалыматтар боюнча, Москва шаарында жана Москва облусундагы полицияда жогорудагыдай факты катталган эмес. Москва шаарынын полициясы жана Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы ИИМинин өкүлчүлүгү Тилек Таалайбеков аттуу жарандын билдирүүсү боюнча дыкат териштирүү жүргүзүүдө. Эгерде кимде ким ушул факты боюнча жабыркаган болсо байланышып коюуну суранабыз.

Орусиядагы мекендештер, ушундай толук такталбаган, улуттар аралык кастыкты козуткан маалыматтарды таратуудан алыс болуңуздар. Улуттар аралык кастыкты козутуу белгилерин камтыган материалдарды даярдоо жана жайылтуу менен алектенген жарандар Кылмыш-жаза кодексинин (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертебиз", - деп билдирет Алиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ysakov_Nur
2019-03-14 19:21:00
Жалган маалымат болобу, чын болобу кантсе да жаш кыздардын чет мамлекетке чыгуусуна богот коюу керек.

Же созсуз 20эркек кыргыз кызын зордукташ керекпи?!

Анан зордуктагандан кийин козголосунарбу?!
+6
karona12
2019-03-14 19:42:57
Жалган маалымат таратып элди дурболого салганы учун камалсын мылжыйбай.
-7
Дарыгер
2019-03-14 19:48:25
Тооба кылыш керек. Кыздар да мылжындабай жакшына журушсо.
+1
uefamif
2019-03-14 20:57:39
Бул чын болгону жабырлануучунун туугандары кызыбыз шерменде болбосун деп ХХХХХХ чыгарбай коюшту. Бул маалыматты бул жакта көп адамдар билет. Аскат Алиевге Тилек мырза чалып даже кабар берген. Анан бул жалган дегени өзүнүн жалганчы экенин билдирип жатат ошол Алиевиңер.
+6
tyrgon
2019-03-15 16:21:07
Тилек таалайбеков кайсы балдар барп куткарганын тактап доказайтете аласынбы? Ошо ьалдар ьилетда чоо жайын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан