Социалдык тармактарда кыргыз кызын Орусияда 20дан ашык эркек зордуктаганы айтылууда. Мындай маалыматты интернет тармагындагы жеке баракчасы аркылуу Тилек Таалайбеков аттуу колдонуучу түз эфирде айтып берди. Биз аталган колдонуучуга байланышканыбызда окуя тууралуу буларды билдирди.
Таалайбековдун айтымында, окуя мындан 3-4 күн мурун Москва шаарынын түштүк-батышындагы Выхино-Жулебино районунда болгон.
"Кыргыз кызы 12 күн бою камалып, зордук көрүп жаткан жеринен кыргыз балдар куткарып келишти. Окуяга токтолсом, жабырлануучу кыз 2 жыл мурун окууну бүтүп иштөө үчүн Москва шаарына келген. Ал жактан заводго жумушка кирип иштеп жаткан экен. Бир күнү кесиптештери менен чогуу отуруш уюштурмакчы болушат. Ичимдик ичпей турган болуп сүйлөшүп, бирок кыз ичкен ширеге уктатуучу дары кошуп коюшуптур.
Ал эс-учун жоготуп койгондо балдар аны жатаканага алып барып, таң атканча кордошкон. Эртеси аны кетирбестен камап коюп, ар кимиси келип зордуктай берген. Жабырлануучунун телефонун алып койгондуктан ал эжесине 12 күндөн кийин гана байланышка чыккан. Эжеси аталган дарекке тааныш балдарын ээрчитип барып, эшикти талкалап кирип кызды куткарышкан. Куткаргандар кыздын жашын сураганга үлгүрүшкөн эмес, бирок 21 жашта деген маалыматтар бар. Чакырылган полиция кызматкерлери аны ооруканага алып кетишкен. Ал ошол учурда мени зордуктады деп 21 адамды көрсөтүп берген. Мындан улам 16 жаранды полиция кызматкери кармап кетип, учурда алар 3 айга камакка алынышты.
Бул маалымат чыккандан кийин мага Кыргыз өлкөсүнүн ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери байланышка чыгып, маалыматты тараткандыгым үчүн күнөөлөп коркутуп жатышат. Мени коркутканды коюп жабыркаган кыздан кабар алып, эртерээк күнөөлүүлөрдү жазага тартуу иштери менен алек болушса болмок.Ошондой эле кыздын ата-энеси да бул маалыматтын тарап кетишинен коркуп жатканын билдик. Ал эми жабырлануучу кыз учурда ооруканада", - деди Таалайбеков.
Аталган окуя боюнча ИИМдин Москва шаарындагы өкүлү иликтөө иштери жүрүп жатканынын белгилеп, толук маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы таратарын билдирди. Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери мындай маалымат жок экенин айтты.
"Бул боюнча азырынча маалымат жок, расмий түрдө текшерилип жатат", - деди басма сөз катчы.
Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн Элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова жогоруда айтылган окуя тууралуу расмий териштирүү иштери жүрүп жатканын белгилеп, окуянын жалган же чын экендиги аныкталып жаткандыгын билдирди.