13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал чыгып, ок да атылган. Октон бир жаран жаракат алып ага операция жасалды. Ал эми эки өлкөнүн жарандарынын бири-бирине таш ыргытуусунан 5-6 адам жаракат алганы, Таш-Тумшук аймагында Кыргыз өлкөсүнүн жаранына таандык болгон 1 үй, 1 Ауди үлгүсүндөгү автоунаа жана КамАЗ жүк ташуучу унаасынын чиркегичи өрттөлгөнү белгилүү болду. Өз кезинде Тажикстандын маалымат каражаттары ал тараптан бир адам ок тийип каза болгонун, таш тийип 20 чакты жаран жаракат алганын жазды.
Бүгүн саат 16:10до чек арада абал кайра курчуп, өлкөнүн дагы бир жараны жаракат алды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр атайын уюштурулган болушу мүмкүнбү? Жаңжал кимдин кызыкчылыгына дал келет?" деген соболуна мурдагы элчи Кылычбек Султан жооп берди.
Мурдагы элчи кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын чыгышы жана дал ошол учурда чек ара тууралуу Адахан Мадумаровду каралаган маалыматтын пайда болушу – күмөн ойлорго түртөт дейт.
"Баткенде чыккан чыр жана Мадумаровго чек ара боюнча көө жабуу аракети бул жөн гана дал келүүбү? Эмне үчүн бул чыр Адахан Мадумаров ден соолугу начарлап, ооруканага жаткан күнү чыкты? Бирөөгө көө жабуу үчүн элдин тынчтыгына бүлүк салгандарга наалат", - дейт Кылычбек Султан.
Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, саясат жана аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.