Депутат Таабалды Тиллаев: “Чек арадагы чыр жергиликтүү бийлик, өкмөт түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүктөн чыкты”

13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал чыгып, ок да атылган. Октон бир жаран жаракат алып ага операция жасалды. Ал эми эки өлкөнүн жарандарынын бири-бирине таш ыргытуусунан 5-6 адам жаракат алганы, Таш-Тумшук аймагында Кыргыз өлкөсүнүн жаранына таандык болгон 1 үй, 1 Ауди үлгүсүндөгү автоунаа жана КамАЗ жүк ташуучу унаасынын чиркегичи өрттөлгөнү белгилүү болду. Өз кезинде Тажикстандын маалымат каражаттары ал тараптан бир адам ок тийип каза болгонун, таш тийип 20 чакты жаран жаракат алганын жазды.

Бүгүн саат 16:10до чек арада абал кайра курчуп, өлкөнүн дагы бир жараны жаракат алды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр атайын уюштурулган болушу мүмкүнбү? Жаңжал кимдин кызыкчылыгына дал келет?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев жооп берди.

Ал Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр атайын уюштурулган дегенге кошулбай турганын айтты.

“Бул күнүмдүк көрүнүш, күндө ушундай жаңжал болуп турат. Тилекке каршы, кечээ курчуп кетти. Алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Жергиликтүү эки элдин маселелери чечилбегенден улам чыр келип чыкты деп ойлойм. Чек арадагы чыр жергиликтүү бийлик, өкмөт түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүктөн чыкты”, - дейт Тиллаев.

Саясатчы Адахан Мадумаров, мурдагы элчи Кылычбек Султан, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, саясат жана аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан