13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал чыгып, ок да атылган. Октон бир жаран жаракат алып ага операция жасалды. Ал эми эки өлкөнүн жарандарынын бири-бирине таш ыргытуусунан 5-6 адам жаракат алганы, Таш-Тумшук аймагында Кыргыз өлкөсүнүн жаранына таандык болгон 1 үй, 1 Ауди үлгүсүндөгү автоунаа жана КамАЗ жүк ташуучу унаасынын чиркегичи өрттөлгөнү белгилүү болду. Өз кезинде Тажикстандын маалымат каражаттары ал тараптан бир адам ок тийип каза болгонун, таш тийип 20 чакты жаран жаракат алганын жазды.
Бүгүн саат 16:10до чек арада абал кайра курчуп, өлкөнүн дагы бир жараны жаракат алды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр атайын уюштурулган болушу мүмкүнбү? Жаңжал кимдин кызыкчылыгына дал келет?" деген соболуна УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков жооп берди.
Ал Кыргыз-Тажик ортосунда 300гө жакын чакырым аныкталбаган, такталбаган жер тилкелери бар экендигин белгиледи.
“Менин оюмча, Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр атайын уюштурулган эмес. Кыргыз-Тажик ортосунда 300гө жакын чакырым аныкталбаган, такталбаган жер тилкеси бар. Мындай окуя бүгүн эле чыккан жок, 1980-жылы, 1989-жылы, 2000-жылы, 2010-жылы жол, суу талашуу боюнча жаңжал чыккан. Бул чек аранын аныкталбай, такталбаганына байланыштуу. Курулуп жаткан жолго тажик тарап каршы чыгып жатат. Алар бул чек арага жакын жайгашкан жер тилкелери Тажикстанга тиешелүү деп ойлоп жатышат. Чындыгында, биз 1924-1950-жылкы чек аралардын схемаларын караганда Тажикстандын анклав айылдары бүт Кыргыз мамлекетинин аймагы болчу. СССР убагында билинбей, атайын жоболор менен аларга берилип, өтүп кеткен.
Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чырды уюштуруу боюнча эч кимдин кызыкчылыгы жок. Себеби эки элдин ортосундагы чатак аларга да, бизге да жаман таасирин тийгизет. Ошондуктан бул маселени жакын арада жолугушуу, сүйлөшүүнүн негизинде тынчытуу керек. Андан кийин гана жер тилкелерин аныктоо, тактоо маселелерин кайра күчтөнтүү шарт. Бул маселе чечилбесе чыр кайталана берет”, - дейт Медетбеков.
Саясатчы Адахан Мадумаров, мурдагы элчи Кылычбек Султан, Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, саясат жана аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.