Мурдагы вице-премьер Абдырахман Маматалиев: “Ушундай кырдаалда кандайдыр бир күчтөр жаңжал чыгарууга аракет кылышы мүмкүн”

13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал чыгып, ок да атылган. Октон бир жаран жаракат алып ага операция жасалды. Ал эми эки өлкөнүн жарандарынын бири-бирине таш ыргытуусунан 5-6 адам жаракат алганы, Таш-Тумшук аймагында Кыргыз өлкөсүнүн жаранына таандык болгон 1 үй, 1 Ауди үлгүсүндөгү автоунаа жана КамАЗ жүк ташуучу унаасынын чиркегичи өрттөлгөнү белгилүү болду. Өз кезинде Тажикстандын маалымат каражаттары ал тараптан бир адам ок тийип каза болгонун, таш тийип 20 чакты жаран жаракат алганын жазды.

Бүгүн саат 16:10до чек арада абал кайра курчуп, өлкөнүн дагы бир жараны жаракат алды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр атайын уюштурулган болушу мүмкүнбү? Жаңжал кимдин кызыкчылыгына дал келет?" деген соболуна мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жооп берди.

Ал акыркы 2-3 жылда Тажик өкмөтү менен чек араны делимитациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматтар жокко эсе экенин айтты.
“2014-жылы Баткен районундагы Көкташ-Ак-Сай жолунун курулушу башталганда да тажик тарап чек арачыларын киргизип, тосуп, курулуш токтоп калган болчу. Анда да чыр чыгып, атышуу болуп, адамдар жабыркап, каза болгон. Кийин биз Тажик өкмөтүнүн жетекчилери менен бир нече жолу жолугуп, аларды Баткенге чакырганбыз. Жеринде көргөзүп, аларды ынандырып, чек арачылары чыгарылган. Андан соң жолду куруп бүтүргөнбүз. Азыр биздин жарандар түздөн-түз эле Ак-Сайга катташат. Эң негизгиси эки мамлекеттин өкмөтүнүн алдындагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиялары тез-тез жолугуп, иштеши керек. Алардын ортосунда ишенимдүү абал түзүлүшү зарыл. Тилекке каршы, акыркы жылдары булардын жолугушуулары жөнүндө деле маалымат жок. Ушундай кырдаалда кандайдыр бир күчтөр жаңжал чыгарууга аракет кылышы мүмкүн. Кызуу кандуулар, чагымчылдар эки тараптан тең эле табылат да”,- деди Маматалиев.

Саясатчы Адахан Мадумаров, мурдагы элчи Кылычбек Султан, Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, саясат жана аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан