Саясий серепчи Нурсултан Акылбек: “Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр тез арада президенттер аралык деңгээлде чечилиши зарыл”

13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал чыгып, ок да атылган. Октон бир жаран жаракат алып ага операция жасалды. Ал эми эки өлкөнүн жарандарынын бири-бирине таш ыргытуусунан 5-6 адам жаракат алганы, Таш-Тумшук аймагында Кыргыз өлкөсүнүн жаранына таандык болгон 1 үй, 1 Ауди үлгүсүндөгү автоунаа жана КамАЗ жүк ташуучу унаасынын чиркегичи өрттөлгөнү белгилүү болду. Өз кезинде Тажикстандын маалымат каражаттары ал тараптан бир адам ок тийип каза болгонун, таш тийип 20 чакты жаран жаракат алганын жазды.

Бүгүн саат 16:10до чек арада абал кайра курчуп, өлкөнүн дагы бир жараны жаракат алды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр атайын уюштурулган болушу мүмкүнбү? Жаңжал кимдин кызыкчылыгына дал келет?" деген соболуна саясий серепчи Нурсултан Акылбек жооп берди.

Ал улуттук коопсуздукту камсыздоодо чек ара бекем болушу керек экенин белгиледи.

“Баткен облусу эки мамлекет менен чектешет. Ошол себептен облус ичинде коңшу мамлекеттердин анклавы бар болгондуктан суу, жол же жайыттын айынан талаш-тартыш маселеси жаралып келет. Акыркы убакта өзгөчө кыргыз-тажик улуттар арасында кагылыш көбөйдү. Бул биздин эң көйгөйлүү, стратегиялык маанилүү аймактардын бири болуп эсептелет. Баткен - Ооганстанга эң жакын облус. Ал жактан келген наркотрафиктин негизги маршруту Баткен менен өтөт. Кылмыштуу уюмдар үчүн тартыш жерлерде чагымчылдыкты уюштуруу оңой.
Улуттук коопсуздугубузду камсыздоодо чек арабыз бекем болушу керек. Бирок биз СССР убагынан бери "Тажикстан же Өзбекстан менен болгон чек ара кайдан бүтөт?" деген суроого жооп бере албай келебиз. Мамлекет тараптан бул көйгөйгө тийиштүү көңүл бурулбай келет. Качан гана эки улут кагылышканда бул маселени вице-премьерлерге тапшырып, жыйындарды өткөрүп калабыз. Тилекке каршы, мамлекеттер аралык реалдуу кадам жок. Өзбекстан менен чектешкен аймактарда делимитация, демаркациялоодо жылыш бар болсо, Тажикстан менен болгон чек ара маселесин чечүүдө жыйынтык жок. Чек ара көйгөйүн чечүү Кыргыз мамлекетинин да Тажикстандын кызыкчылыгында. Бул маселе тез арада президенттер аралык деңгээлде чечилиши зарыл. Качан гана эки мамлекет чек араларын аныктап, бекемдегенде аймактык коопсуздук орнойт”, - деди Акылбек.

Саясатчы Адахан Мадумаров, мурдагы элчи Кылычбек Султан, Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, саясат жана аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан