Депутат менчик мектептердин контракттык төлөмү кымбат болуп жатканын айтты

Депутат Зиядин Жамалдинов менчик мектептердин контракттык төлөмү кымбат болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-мартта “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында билдирди.

“Азыркы мезгилде менчик мектептер көп ачылып кетти. Бул жакшы көрүнүш, бирок контракттык төлөмдөр 5-10 миң доллар. Өкмөт тарабынан сүйлөшүү жүргүзүп, төлөмдөрдү азайтса болобу?” – деп сурады депутат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова менчик мектептер менен иш алып барыла турганын айтты. “Билим берүү жана илим министрлиги ар кандай багытта иш алып барууда. Менчик мектептердин жетекчилери менен балдардын ата-энелеринин ортосунда келишим түзүлөт. Сунушуңузду жазып алып, карап көрөлү”, - дейт Жусупбекова.

Жыйында аталган министрликтин аткарган иштери тууралуу маселе каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан