Жаңы Зеландияда 4 адам эки мечитке кол салды, натыйжада 30 адам каза болуп, 27 адам жарадар болуп, ооруканаларга жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Жаңы Зеландиянын түштүк тарабында жайгашкан Крайстчерч шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан 2 мечитте орун алган. Алгач 30га жакын адам жарадар болгону айтылган.
"Кылмышка шектелип 3 эркек жана 1 аял кармалды. Кармалгандардын бири - 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант. Ал мечиттин ичинде адамдарды аткылаганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 17 мүнөттүк түз эфир менен көрсөткөн. Ошондой эле видеонун алдына мындай кадамга эмне себептен баргандыгын түшүндүргөн 37 барактан турган манифест жарыялаган. Учурда ага таандык баракчалар жабылды. Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн бул окуяны өлкөнүн тарыхындагы эң кайгылуу окуя катары сыпаттады", - деп айтылат маалыматта.