Депутат жогорку окуу жайды бүткөндөрдүн 18 пайызы гана иш менен камсыз болуп жатканын билдирди

Депутат Абдыкапар Султанов жогорку окуу жайды бүткөндөрдүн 18 пайызы гана иш менен камсыз болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-мартта “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында билдирди.

“Бардыгыбыз балдарыбыз жогорку окуу жайда окушун каалайбыз. Бирок жогорку окуу жайды бүткөндөрдүн 18 пайызы гана иш менен камсыз болуп жатат. Көпчүлүгү дипломдорун сандыкка салып коюп, башка өлкөгө мигрант болуп кетип жатат”, - дейт ал.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков бул маселе каралып жатканын айтты. “Жаран окууну бүткөндөн кийин барып иштей турган ишкана менен билим берүү системинин ортосунда ажырым болуп калган үчүн ушундай маселе чыгып жатат. Рынок шартында тактай албай калып жатабыз. Иш берүүчүлөр менен билим берүү системинин ортосундагы байланышты рынок шартына байланыштыра турган механизм болуш керек. Бул багытта иш алып барсак маселе толук чечилет. Бул маселе каралып жатат”, - дейт Кожобеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан