Депутаттар Билим берүү министрлигине бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 15-мартта "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйыны өттү. Анда Билим берүү жана илим министрлигинин аткарган иштери тууралуу маселе каралды. Аталган фракция депутаттары министрликке бир катар тапшырмаларды берди.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев депутаттар тарабынан айтылган сунуштар эске алынышы керектигин айтты.

"2 айдан кийин бул маселе кайра каралсын. Ошондой эле көбүрөөк бала бакча курууга басым жасалсын. Менчик мектептердин контракттык төлөмүн карап чыгууну тапшыралы", - дейт Төрөбаев.

Жыйында 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин аткарып жаткан иштери жана пландары каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан