Саясат таануучу Орозбек Молдалиев: “Эгемендик алгандан бери үй-бүлөнүн бийликке келгендеги маселеси көп жылдан бери эле уланууда”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек деп чыккан. Ошондой эле пикирди экс-президент Алмазбек Атамбаев 2018-жылы КСДПнын съездинде айтканы маалым болгон. Жээнбековдун туугандарынын жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеши үй-бүлөлүк башкарууга алып келери коомчулукта айтылып жүрөт.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын деген талаптын коюлганына 1 жыл болду. Жээнбеков мандатты тапшырган жок. Бийлик үй-бүлөлүк башкарууга жол бербесине ишеним жарата алдыбы?" деген соболуна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.

Ал эгерде кимдир бирөө президент болсо, анын туугандары бийлик бутагына дайындалбашы керек деген нерсе киргизиш керек болуп калды дейт.

"Асылбек Жээнбеков ал учурда спикер болчу. Ал агасы Сооронбай Жээнбеков тууралуу: “эгер агам премьер-министр болсо спикерликти тапшырып берем” дегенде эл ыраазы болгон. Бирок ал өзүнүн эле депутаттык ордунда калып калды. Юристтер деле бул жагдай боюнча эч кандай пикирин билдиришкен жок. Мыйзам жагынан мыйзам бузуу болбогону менен бул маселенин моралдык жагы да бар. Айрым эксперттер кийин айтып чыгышты “агам президент болгондугуна байланышуу депутаттык мандатымды тапшырып, кийинки депутатка өткөрүп берем деп Асылбек Жээнбеков кетип калса туура болмок” деп. Эгемендик алгандан бери үй-бүлөнүн, бир туугандардын бийликке келгендеги маселеси көп жылдан бери уланууда. Аскар Акаевдин убагында агасынын балдары кайсы бир кызматка коюлуп калды, кийинки кезде балдыздары, бир туугандары кызматка коюлду деп ызы-чуу болгон. Бул нерседен кутулабыз деп бийликке Бакиевдер келди. Курманбек Бакиев бийликке келерде “мен бийликке келсем, эч бир тууганымды жолотпойм” деп көп кайталады. Алгач сөзүнө туруп, 2-3 ай жолоткон жок, анан эле “уулум өтө жөндөмдүү, бизнесте шыгы бар, студент кезинде эле ишкердик кылчу” деп чыкты. Акырындык менен тууган-уругунун баары бийликке келди. Мындай бийликтен арылалы деп кийин Алмазбек Атамбаев да чыкты, ал эми чынын айтканда туугандарын алып келген жок. Бирок өзүнүн тегерегиндеги адамдарды бийликке алып келип койду деп күнөөлөнүүдө. Ал эми сиздер көтөргөн маселеге келип калдык, бул нерсеге чекит коюу керек. Эгерде кимдир бирөө президент болсо, анын туугандары 3 бийлик бутагына дайындалбашы керек деген нерсе киргизиш керек болуп калды. Мындай учурда “алардын укугу тебеленип жатат” дегендер да чыгып жатат. Ушул сыяктуу талаш-тартыш жаралбаш үчүн коомдо бир чечимге келүү керек. Сот көз карандысыз боло элек, демократия бутуна тура элек, мындан улам бүгүнкү күндө бийлиги менен пайдаланып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт", - дейт Молдалиев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев, саясат таануучу Эмилбек Жороев, саясий серепчи Марат Казакбаев, жарандык активист Алга Кылычов жана коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан