Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек деп чыккан. Ошондой эле пикирди экс-президент Алмазбек Атамбаев 2018-жылы КСДПнын съездинде айтканы маалым болгон. Жээнбековдун туугандарынын жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеши үй-бүлөлүк башкарууга алып келери коомчулукта айтылып жүрөт.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын деген талаптын коюлганына 1 жыл болду. Жээнбеков мандатты тапшырган жок. Бийлик үй-бүлөлүк башкарууга жол бербесине ишеним жарата алдыбы?" деген соболуна саясий серепчи Марат Казакбаев жооп берди.
"Аскар Акаев, Курманбек Бакиев менен салыштырсак азыркы абал үй-бүлөлүк башкарууга окшобойт. Асылбек Жээнбеков мурун эле депутат, төрага болуп келгенин билебиз, аны Алмазбек Атамбаев өзү колдогон. Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Асылбек Жээнбековду саясатка алып келди деп айта албайбыз. Атамбаев көз карашын азыр үй-бүлөлүк бийлик башкарып жатат деп билдирип жатат. Мен буга макул эмесмин. Кудасы депутат болуп иштейт, бирок буга тоскоолдук кыла албайбыз. Мындан ары кандай болору белгисиз, толугу менен үй-бүлөлүк башкаруу болот деп айтуу кыйын", - деди Казакбаев.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Эмилбек Жороев, жарандык активист Алга Кылычов жана коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин жообу бул шилтемеде.