Атамбаев үч саясатчынын арызы боюнча райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко кайрылат

Экс-президент Алмазбек Атамбаев саясатчы Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Ахматбек Келдибековдун арызы боюнча райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Жолдубаеванын айтымында, доо арызды Атамбаевдин адвокаттары даярдап жатат.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев ар бири Алмазбек Атамбаевден жана "Апрель" телеканалынан 3 миллион сомдон талап кылып жатышат. Жалпы сумма 18 миллион сомду түзөт. Доогерлер телеканал алардын кадыр-баркына шек келтиргенин айтышкан.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген интервьюсунда Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев өлкөдөгү ыңкылаптардан пайда көрүүнү эңсеп турганын жана Ахматбек Келдибековдун коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин белгилеген. Мындан улам алар бул маалыматтын негизинде "Апрель" телеканалын жана анын эфири аркылуу интервью берген экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко беришкен. Арызды Бишкектин Октябрь райондук соту карап, Атамбаевди ар бир саясатчыга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген.

Экс-президенттин маеги бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан