КСДП: "Атамбаевдин катышуусунда Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы өтпөйт" деген жалган маалымат

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарында Аксы окуясынын 17 жылдыгына байланыштуу эскерүү иш-чарасы өтөт. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев жана башка коомдук-саясий ишмерлер катышат.

Кечээ, 16-мартта социалдык тармактарда аталган иш-чара Атамбаевдин ооруп калганына байланыштуу өтпөйт деген маалымат таратылган. КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева бул маалыматты төгүндөп, иш-чара бүгүн саат 11:00дө өтө турганын айтты.

2002-жылдын 17-мартында эгемен Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кайгылуу күн катары калган Аксы окуясы болгон. Камакка алынган Азимбек Бекназаровдун тарапташтары ага чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында топтолгон адамдарга каршы ок атып, 6 киши каза болгон. Айрым маалыматтар боюнча 80ге жакын адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан