Атамбаевдин катышуусунда Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү өттү (видео)

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди. Иш-чара "Медиа-Форумдун" имаратынын алдында өттү.

2002-жылдын 17-мартында эгемен Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кайгылуу күн катары калган Аксы окуясы болгон. Камакка алынган Азимбек Бекназаровдун тарапташтары ага чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында топтолгон адамдарга каршы ок атып, 6 киши каза болгон. Айрым маалыматтар боюнча 80ге жакын адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан