Активист Алга Кылычев: "Бүгүн Аксы окуясында курман болгондорду эскеребиз, иш-чараны саясатташтырбоого чакырам"

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Аксы окуясынын курмандыктары эскерилет. Иш-чара Медиа-Форумдун имаратынын алдында өтүүдө. Бул жерге 9 боз үй тигилип, эл топтолгон.

Активсит Алга Кылычев кечээ, 16-мартта бул иш-чара өтпөйт деген калп маалыматтардын тарап кетишин белгилеп, муну саясатташтырбоого чакырды.

"Бүгүн бул жерге боз үйлөр тигилип, мал союлуп Аксы окуясынын курмандыктары эскерилүүдө. Буга чейин бүгүнкү эскерүүнү болбойт деп маалымат таратып жиберишсе да, саат 11де баштала турган иш-чарага саат 10:30да эле миңдей киши топтолду. Бүгүнкү эскерүүнүн максаты - өткөн окуялардан кайсы бийлик болбосун сабак алып турушу керек деген ой", - деди ал.

2002-жылдын 17-мартында эгемен Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кайгылуу күн катары калган Аксы окуясы болгон. Камакка алынган Азимбек Бекназаровдун тарапташтары ага чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында топтолгон адамдарга каршы ок атып, 6 киши каза болгон. Айрым маалыматтар боюнча 80ге жакын адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан