Экс-президент: "Тарифти жана айып пулду көбөйтүп бюджетти толтурбай, ууруларды ордуна койгула"

"Бир жыл мурун 31-мартта дос катары Сооронбай Жээнбековго "Соке, коррупция менен күрөшөм десең Раим миллион менен дос болбошуң керек. Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын" дегем. Парламент Асылбек Жээнбековдун көзүн карап калат дегем. Момбеков иним өкмөт түкүрүк десе, парламент чимкирик болуп калды. ЖЭБ боюнча Сапар Исаковду күнөөлөштү. Сооронбай Жээнбеков эки жыл премьер-министр болду да. 2010-жылы Жээнбеков Матраимовдор менен жакшы эмес мамиледе болгон. 2011-жылы жытташып калышты", - деди Алмазбек Атамбаев бүгүн Аксы окуясын курман болгондорду эскерүү иш-чарасында.

Экс-президент сөз сүйлөп жатып азыркы бийликти тарифтерди, айып пулду көтөрүп бюджетти толтурбай, ууруларды ордуна койгула деп чакырды.

Иш-чарага экс-президент Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, мурдагы элчи Кылычбек Султан катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан