Экс-президент Алмазбек Атамбаев былтыр 29-мартта Сооронбай Жээнбеков менен коньяк, арак ичип отурганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-мартта "Медиа-Форум" имаратынын алдында Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында билдирди.
"Былтыр 29-мартта Сооронбай Жээнбеков үйгө келип, коньяк, арак ичип отурдук. Мен коньяк ичип коём, Кытайдан алып келген 10 граммдык рюмкам бар. Жээнбеков агын ичет. Калп десе күбөлөр бар. 4 сааттан ашык убакыт сүйлөшүп отурдук. Ошондо ал менден Асылбек Жээнбеков, Райымбек Матраимов тууралуу съездден айтпа деп суранды. Ноябрдын аягында Райымбек Матраимов ким экенин, Сооронбай Жээнбековго шайлоодо акчаны ким бергенин билдим. Ага ачык айттым: "Соке, сени карап Бакиевди көрүп жатам". Бир жыл мурун айткан сөзүм чындык болуп чыкты. Бүгүн да Сооронбай Жээнбековго кайрылгым келет. Бир жыл мурункудай дос катары эмес, баарыбызды мындай достордон Кудай сактасын. Экс-президент катары кайрылгым келет. Сен партияны, "Айкөл Ала-Тоо" коомун бөлгөн жоксуң, элди бөлүп жатасың. Мен сени атайын түндүк-түштүк болуп эл бөлүнбөсүн деп Оштон алып келгем. Сен элибизге чоң жарака жасап, элди бөлүп баштадың. Кеч боло электе токтот. Анткени эл деген сел, эл чыдайт. Бирок бир күнү эл ойгонсо эч ким токтото албайт. Биз аны көргөнбүз", - дейт Атамбаев.