Тармактык комитетте "Биоотун жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору экинчи окууда каралат

Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында "Биоотун жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору 2-окууда каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Мындан сырткары комитет жыйынында "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорлору экинчи окууда каралат.

Баяндамачы катары Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов жана Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров чакырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан