Депутат: "Эл аралык комитет коррупцияга батып бүттү. Алар жадакалса гинекологдордун чогулушунда да жүрөт"

"Жогорку Кеңештин Эл аралык комитети коррупцияга батып бүттү, алар бардык жагында, жадакалса гинекологдордун чогулушунда да жүрөт".

Мындай пикирин 18-мартта Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында депутат Садык Шер-Нияз билдирди.

"Парламенттеги жалпы санынан 47 пайыздан ашуун меселелерди Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети карайт. Бирок чет өлкөгө барарда башка депутаттар чыга келет. Эмнегедир жумушчу топко такыр эле башка депуттар кирип калат. Ушул маселени жыйында көтөрүү керек. Кийинки отурумда акыркы жыл ичинде Эл аралык комитеттин канча депутаты, канча жолу чет өлкөгө чыккандары жөнүндө маалыматты угуп чыгалы", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан