Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Биринчи Май айылында келишимдин негизинде арык тазалоого келишкен өзбектерге сый-урмат көрсөтүлдү. Мындай маалыматы менен окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" бөлүштү.
"Өзбек туугандар атайын келишимдин негизинде Кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстанга өтчү каналдын ичин тазалоого келишиптир. Кыргыздар тосуп алып, Мадан Алымбеков орто мектебинин имаратында аларга сый көрсөттү. Кыргыз элинде "мейман-атаңдан улук" деп коёт эмеспи. Мындай иш-чаралар 2 элдин достугун бекемдөөгө салымын кошот. Карапайым эл ушинтип эле ынтымакта жашайт", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.