17-март күнү кечинде Якутск шаарынын 200дөй тургуну Борбор Азиядан келген мигранттарга каршы митингге чыгышкан. Буга Борбор Азиядан келген 3 адам жергиликтүү тургунду күч колдонуу менен унаага салып кетип зордуктаганы тууралуу маалымат түрткү болгон.
Ошол күнү кечинде аталган шаардын тургундары тарабынан мигранттарга карата коркутуулар болуп жатканы боюнча видеолор тарап баштаган. Интернетке тараган видеолордун биринен 2 Кыргыз жараны "Шавуха" деген ашканада иштеп жатканда жергиликтүү тургундар аларды уят сөздөр менен сөгүп, ашкананы жабууну талап кылганын угууга болот.
SUPER.KG порталы ошол ашканада иштеп жаткандардын бири Талгат Аскат уулу менен байланышты.
Талгат Аскат уулу жергиликтүү балдар ачуулуу келип сөгүп жатканда үй-бүлөсүн жана жалпы мигранттарды ойлоп унчукпай коюуга аргасыз болушканын айтып берди.
"Бул жакка 2011-жылы келгем, азыр бул жерде апам, карындашым, келинчегим жана балам бар. Мен ошолорду жана жалпы мигранттардын абалын ойлоп унчукпай коюуга аргасыз болдум. Жанымда чогуу иштеген бала да "байке, унчукпай эле коёлу" деп калды. Балдар өтө ачуулуу абалда болушчу. Бир аз мурун эле ашкана ээси телефон чалып "тезинен ашкананы жаап үйүңөргө кеткиле" деп айткан эле. Ашкананы жаап сыртка чыксак жергиликтүү балдардын тобу туруптур. Бирок башка Орусия жараны келип бизге жардам берип унаага салып кетти. Азыр коркуп эч кимибиз үйдөн чыкпай жатабыз", - деди Талгат Аскат уулу.