19-мартта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти. Конституцияга ылайык парламенттин төрагасы Касым-Жомарт Токаев президенттин милдетин аткаруучу болду. Ал эртең, 20-мартта ант берет.
Казакстанда кийинки президенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Касым-Жомарт Токаев президенттик шайлоого чейин өлкөнү убактылуу башкарып турат.
Касым-Жомарт Токаев 65 жашта. Ал 1953-жылы 17-майда Алматы шаарында туулган. Москва мамлекеттик институтунун Эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн.
1975-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигинде кызмат өтөп баштаган. Сингапурдагы Советтер Союзунун элчилигине иштөө үчүн жөнөтүлгөн. 1979-1983-жылдары улук референт, атташе, СССРдин тышкы иштер министрлигинин үчүнчү катчысы болгон.
1993-1994-жылдары Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары;
1994-1999-жылдары тышкы иштер министри;
1999-жылы премьер-министрдин орун басары;
1999-2002-жылдары премьер-министрдин милдетин аткаруучу, премьер-министр;
2002-2007-жылдары мамлекеттик катчы, Казакстандын тышкы иштер министри;
2007-2011-жылдары депутат, парламент төрагасы. 2011-жылдан 2013-жылга чейин БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Женевадагы Европа бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2013-жылы 16-октябрда парламенттин спикери болгон.