Башкы прокуратура коррупционерлерден дагы 11 миллион сомдон ашык акча өндүрдү

Башкы прокуратура коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке дагы 11 миллион 106 миң 840 сом акча которду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы өзүнүн расмий сайтына жарыялады.

Муну менен бирдиктүү депозиттик эсепке Башкы прокуратура которгон акчанын жалпы суммасы 368 миллион 764 миң 578 сомду түздү.

2018-жылдын 22-июнунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.

Токтомго ылайык, бул эсепке экономикалык жана кызмат адамдарына козголгон кылмыш иштеринин алкагында алынган каражаттар топтолот. Анда мамлекетке келтирилген чыгымдар кайтарылып, өзүнчө эсепте сакталып, өкмөттүн чечими менен бөлүштүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан