Жогорку Кеңештин депутаттары 25-29-март күнү шайлоочулар менен жолукмай болду.
Бул боюнча сунушту төрага Дастанбек Жумабеков добушка койду. Депутаттардын көпчүлүгү бул сунушту колдошту. Депутаттар 1-апрелде жумушка чыгышат. Аталган күнү парламенттин комитеттери иштерин улантат. Эл өкүлдөрү буга чейин 8-11-январь аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде жолугушууларды өткөргөн.