Казак парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 20-мартта парламентте ант берип расмий түрдө президенттик кызматка киришти. Ант берүүдөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Берик Имашев Токаевди президент деп жарыялады.
Казакстанда кийинки президенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Касым-Жомарт Токаев президенттик шайлоого чейин өлкөнү убактылуу башкарып турат.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта казак элине атайын кайрылуу жасап, өзү президент катары ыйгарым укуктарын токтотконун жарыялаган.
Назарбаев президенттиктен кеткенден кийин үч маанилүү кызматын сактап калат. Коопсуздук кеңеши жөнүндө мыйзам ага өлкөнүн биринчи президенти жана улуттун лидери катары Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн аягына чейин башкарганга укук берет. Мындан тышкары ал бийликтеги башкаруучу "Нур Отан" партиясынын лидери, Конституциялык кеңештин мүчөсү бойдон кала берет.