Жаңыдан гана Казакстандын президенти болуп ишин баштаган Касым-Жомарт Токаев Астана шаарын Нурсултан деп өзгөртүүнү сунуштады. Мындай сунушун Токаев парламентте ант берүү азаминен кийин сүйлөп жатып айтты.
"Нурсултан Абишевич Назарбаевдин ысымын түбөлүккө калтырышыбыз керек. Борборубуз "Нурсултан деп биздин президенттин атын алып жүрүшү зарыл деп эсептейм. Эсиңиздерге сала кетейин, мындай демилге буга чейин парламент депутаттары тарабынан көтөрүлгөн", - деди Токаев.
Андан сырткары өлкөнүн борбор калаасына Назарбаевдин монументин тургузууну жана облустардагы борбордук көчөлөргө анын атын берүү керектигин кошумчалады.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта казак элине атайын кайрылуу жасап, өзү президент катары ыйгарым укуктарын токтотконун жарыялаган.
Назарбаев президенттиктен кеткенден кийин үч маанилүү кызматын сактап калат. Коопсуздук кеңеши жөнүндө мыйзам ага өлкөнүн биринчи президенти жана улуттун лидери катары Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн аягына чейин башкарганга укук берет. Мындан тышкары ал бийликтеги башкаруучу "Нур Отан" партиясынын лидери, Конституциялык кеңештин мүчөсү бойдон кала берет.