Куурчак театрынын мурдагы директору Сатылган Сазаев узакка созулган оорудан улам 57 жашында каза болду

Куурчак театрынын мурдагы директору Сатылган Сазаев 57 жашында каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 20-мартта жакындары тастыктады. Белгилүү болгондой, Сазаев боор циррозу оорусу менен жабыркап келген.

Ал жалпы 30 жыл убакыт М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында эмгектенип, акыркы төрт жыл ошол театрды жетектеген. Өткөн жылдан бери Б.Бейшеналиева атындагы институтта мугалим болгон.

1992-жылдан 2014-жылга чейин Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында кызмат кылган. 2014-2018-жылдары М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын директорлук кызматын аркалаган. 2001-жылы "Эмгек сиңирген артист" наамына ээ болгон.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Сатылган Сазаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан