Балдар үйүндө Нооруз майрамына карата кайрымдуулук иш-чара уюштурулду

Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө Нооруз майрамына карата "Сүмөлөк 2019" аталышындагы кайрымдуулук иш-чара уюштурулду. Аны "Илек-Илек жаштары" коомдук бирикмеси уюштурган. Иш-чара 16-мартта эртең менен башталып, 17-март түштө аяктады.

"Эң негизги максат балдардын кубаныч-кайгысы менен тең бөлүшүү, аларга жылмаюу жана майрам тартуулоо. Ошонун негизинде балдарга дасторкон жайып, бирикменин кыздары уз-чеберчилик, жаратмандык өнөрлөрүн, балдарыбыз кыргыздын улуттук оюндарын көргөзүү менен окуучулардын арасында турнир өткөрүүгө жетиштик. Кечки программа келген коноктордун, ырчылардын коштоосу менен кичинекей досторго концерттик программа тартууланды. Балдар үчүн коюлган, кечки программа ачык асман алдында мультфильм коюп берүү менен аяктады", - деп билдирди уюштуруучулардын бири.

Иш-чараны уюштурууга ыктыярчылар да катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан