Жакын арада "Коопсуз шаар" долбоору Ош шаарында ишке киргизилет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын базасындагы "Бирдиктүү терезе" борборун кыдыруу учурунда билдирди. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
"Бишкек шаарынын жолдорунда жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктоочу аппараттык-программалык комплекстердин орнотулушу жол кырсыктарынын санынын кыскарышын шарттады. Жарандар долбоордун ишке киргизилишин жана биздин баштоолорубузду колдоп жатышат, себеби бул долбоор жолдордо коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. Жакын арада долбоор Ош шаарында жана өлкөнүн башка шаарларында ишке киргизилет. Биз мында жолдордогу абалды кыйла өзгөртүп жана аларды бир топ коопсуз кылууга жетишебиз деп ишенем", – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы баса белгилегендей, мамлекеттик органдар, биринчи кезекте Ички иштер министрлиги жана Ош шаардык мэриясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дыкат иштерди жүргүзүп жана долбоорду ишке киргизүүгө тийиштүү деңгээлде даярдыктарды көрүүгө тийиш.