Муз үстүндө бийлөө боюнча Дүйнө чемпиондугун Алина Загитова жеңип алды. Казакстандык Элизабет Турсынбаева күмүш медаль тагынды

Япониянын Сайтама шаарында муз үстүндө бийлөө боюнча дүйнө чемпиондугу өтүүдө. 20-мартта кыздар кыска программасын көрсөтүшкөн эле.

22-мартта кыздар эркин программасын көрсөтүштү. Анын жыйынтыгында орусиялык спортчу Алина Загитова муз үстүндө бийлөө боюнча дүйнө чемпиондугун жеңип алды. Казакстандык Элизабет Турсынбаева күмүш медалга ээ болсо, орусиялык Евгения Медведева коло медаль тагынды.

Рика Кихира, Япония.

Муз үстүндө бийлөө боюнча дүйнө чемпиондугундагы медалды Япония менен Орусия бөлүп алат деген пикирлер айтылып жүргөн. 2018-2019-жылдагы сезондо техникалык жактан упай көп алып келчү элементтерди аткарган япониялык Рика Кихира орусиялык спортчулар үчүн башкы атаандаш катары саналары белгиленген. Ал үч айлануу-секирүү аксель элементин оңой аткарганы менен бул сезондо оозго алынган эле. Бул сезондогу Гран-При мелдешинин жеңүүчүсү, Япониянын чемпиону Рика Кихира Дүйнө чемпиондугунда кыска программасында катачылык кетирип алдыңкы үч орунга жетише алган эмес. Ошентип Дүйнө чемпиондугунда фаворит жана орусиялык спортчуларга башкы атаандаш катары саналган япониялык спортчулар өз үйүндө медалга ээ болушкан жок.

Евгения Медведева, Орусия.

Евгения Медведева бул сезонду машыктыруучусун алмаштыруудан баштаганы менен белгилүү. Олимпиадада күмүш медаль алган спортчунун ички дүйнөсү жакшы жакка өзгөргөнү менен муз үстүндө бийлөөсү, программасы кайра начарлаганын айтып келишкен. 11 жыл бирге жүргөн машыктыруучусу Этери Тутберидзеден канадалык Брайан Орсерге кеткен спортчу сезондо анчейин ийгилик жарата алган жок. Орусия Кубогунда биринчи орунду алып дүйнө чемпиондугуна катышуу мүмкүнчүлүгүн алды. Программасынын толук иштелип чыкпаганы, кийими, сырткы келбети, салмак кошкону сынга алынган Евгения Медведева үчүн коло медаль жакшы көрсөткүч. Эгер медалга илешпей калса анын карьерасы бүттү дегендер чыгары ачык кеп.

Элизабет Турсынбаева, Казакстан.

Ал эми казакстандык спортчунун машыктыруучусун алмаштырганы жакшы жыйынтыктарды алып келе баштады көрүнөт. Канадалык Брайан Орсерден орусиялык Этери Тутберидзенин колуна бир жыл мурун келген спортчу тарых жасады деп айтууга болот. Ал биринчи жолу кыз-келиндер арасындагы эл аралык мелдеште төрт айлануу-секирүү (сальхов) элементин жасады. Төрт айлануу секирүүнү буга чейин Тутберидзенин окуучулары Александра Трусова менен Анна Щербакова өспүрүмдөр арасындагы мелдештерде аткарып келгени белгилүү. Буга чейин Кышкы Универсиадада күмүш медаль тагынган эле.

Алина Загитова, Орусия

Олимпиададан кийинки сезон Алина Загитова үчүн оор болгонун спортчу өзү бир канча ирет айтып келген. Ал Олимпиада чемпиону деген статусунан улам оор жүктү артып алгандай сезим болгонун билдирген. Мелдештерде программасында катачылыктарды кетирип, туруктуу бий көрсөтө албай жаткан. Бир жыл мурун дүйнө чемпиондугунда бир нече ирет кулап, программасын аткарган соң ыйлаганы көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Быйыл техникалык жактан күчтүү спортчулар бар экенине карабай Алина Загитова жаңы Дүйнө чемпиону болду.

Муз үстүндө бийлөө боюнча Дүйнө чемпиондугунда эркин программадан кийинки жыйынтык:

1. Алина Загитова (Орусия) — 237,50.
2. Элизабет Турсынбаева (Казакстан) — 224,76.
3. Евгения Медведева (Орусия) — 223,80.
4. Рика Кихира (Япония) — 223,49.
5. Каори Сакамото (Япония) — 222,83.
6. Сатоко Мияхара (Япония) — 215,95.
7. Бради Теннелл (АКШ) — 213,47.
8. Софья Самодурова (Орусия) — 208,58.
9. Мэрайя Белл (АКШ) — 208,07.
10. Ын Су Лим (Түштүк Корея) — 205,57.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirlan27011987
2019-03-23 14:27:40
Спорттун ушул туру боюнча кыргыз кыздары качан чыгышат. Медаль албаса да жок дегенде оздорун коргозуп койсо деле жаман эмес. Биздин чиновниктер спортту колдобойсунар. Ушак суйлогонду эле билесинер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан