ЖЫЛНААМА, 21-МАРТ: Нооруз майрамы

Бүгүн, 21-Март - Нооруз майрамы. Нооруз - бул жаңыруу менен тазаруу, ынтымактын мааракеси!

"Нооруз" деген сөз байыркы фарс тилинин "науризи" деген сөзүнөн алынып, бизче "нау" – “жаңы”, "рузи" – “күн” деген маанини билдирет. Демек, “Нооруз” “Жаңы жыл” же “Жаңы күн” деп которулат. Бирок эл ичинде буга чейин “Нооруз – жаз майрамы” деген түшүнүктөр да жашап келген. Эл мурда календарь жок мезгилде жаздын кандай болорун дал ушул күнү билип, “бул күндөн баштап табияттын жаңылануусу башталат” дешчү.
Совет бийлиги учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргыз өлкөсү бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен.
21-мартка карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан