Бүгүн, 21-мартта Кыргыз мамлекетинде Нооруз майрамы белгиленүүдө. Нооруз – аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы. Мына дал ушул күнү Кыргыздын улуттук тамактары дасторкондун ажайып көркүн ачат. SUPER TV Жогорку Кеңештин депутаттарынан чучук, быжы, көжө, олобо сыяктуу кыргыздын улуттук тамактарынын даярдоо ыкмасы тууралуу сурадык.
Мындан тышкары эл өкүлдөрүнөн мууздоону мал союлгандан кийин кайсы учурда ооз тиет жана керчөө койдун этинин кайсы бөлүгүнөн жасалары тууралуу сурамжылоо жүргүздүк. Депутаттар канчалык деңгээлде жооп бергенин төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыздар.