Жалал-Абад шаарында "Сүмөлөк фестивалынын" алкагында кайнатылган 40 казан сүмөлөк аянтка чогулган элге таратылып жатат

Бүгүн, 21-март Нооруз майрамы. Аталган майрам Кыргыз мамлекетинин ар бир аймагында белгиленип жатат. Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы аянтта сүмөлөк ооз тийүү каадасы менен башталган. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Расмий салтанатты шаар башчысы Мураталы Тагаев ачып берген.

"Майрамдык маанай ыр-күүлөр менен коштолуп жатат. Калаа мэри шаар тургундарын жана конокторун бүгүнкү жаратылыш ойгонуп, күн менен түн теңелген Нооруз майрамы менен куттуктады.
Майрамдык салтанатка арналган иш-чара жаздын келишин даңазалап театралдаштырылган көрүнүштөр менен улантылып, жергиликтүү жана борбор калаадан чакырылган өнөрпоздордун концерттик программасы менен коштолуп жатат. Ошондой эле Нооруз майрамынын алкагында шаар тургундарына жана келген конокторго тамак-аш жана улуттук кийимдер жарманкеси уюштурулган", - деп маалымат беришти басма сөз кызматынан.

Мындан тышкары "Сүмөлөк фестивалынын" алкагында кайнатылган 40 казан сүмөлөк таң эрте ачылып, аянтка чогулган элге, карыларга жана балдар үйүнө таратылып жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Umar2016
2019-03-21 15:01:17
Сумолок жегим келди, москвага жонотуп жибергилечи сураныч
0
nazira1989
2019-03-21 23:01:49
Umar2016,Москвага кайсы метрого,салып жиберсек тосуп аласынарбы???...)Жаакында сумолоктун кайнатабыз Кудай буйруса,берип жиберели...)
0
Safiya91
2019-03-21 23:39:57
Umar2016, Москвада сумолок сатат тууган. Инста же одноклассникиден Мундуз деп издесен Крдын бардык товарлары бар курут, май, арча ж.б
0
Tolkun555
2019-03-21 16:02:55
Жалалабат майрамдарда чыгым боюнча,майрамдоо боюнча алдыга чыгып кеттинерби?
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан