№2 абакта 2 жаштагы баласы менен жаза мөөнөтүн өтөп жаткан келиндин кыялы

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 аялдар абагында учурда 8 аял 3 жашка толо элек балдары менен жазаларын өтөшүүдө. Ал эми 3 жашка толгондон кийин бала соттолуучунун жакындарына же болбосо балдар үйүнө өткөрүлүп берилет.

Бул абакта балдар үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Мисалы, оюн аянтчасы, бөлмөлөрдө балдарга керектүү буюмдар жана оюнчуктар бар. Атын атагысы келбеген келин 2 жаш 8 айлык кызы менен аталган жайда жазасын өтөп жатат. Ал бизге абактагы жашоосу тууралуу бөлүштү.

"Мен 8 жылга эркиндигимден ажыратылгам. Өзүмдүн 2 балам бар, бири 8 жашта, ал эми кызым менин жанымда. Жолдошум жок. Мен камакка алынгандан кийин СИЗО-1де төрөгөм. Кызым төрөлгөндөн кийин эки күндөн кийин эле соттук отурум башталды. СИЗО-1де бул жактагыдай шарт жок. Бир камерада кээде 12 адамга чейин жашачубуз. Киши көп болгондуктан таза аба да жок. Ар ким каалаган убагында чылым чегет. Ал эми биз бул жакта бөлмө ичинде тамеки чекпейбиз. Балдарыбыздын ден соолугун ойлойбуз. Чогуу жашагандар ынтымактуубуз. Балдарыбызды кароо менен убакыт өткөрөбүз.

"Адам сатуу" беренеси менен 2 адам соттолгонбуз. Ага 10 жыл, мага 8 жыл берилген. Шеригим Свердлов РИИБинин мурдагы оперкызматкери болчу. Жаңы кодекс боюнча биздин беренеге 7 жарым жыл берилиши керек экен. Жакында шеригимдин жаза өтөө мөөнөтүн 7 жарым жыл кылып өзгөрттү. Ал эми менин ишим шаардык сотто каралып жаткандыктан жакшы үмүт менен үй камагына чыгуу чечимин күтүп жатам. Биз кармалганда 5 адам болчубуз. Сотто үчөө "жаап-жашыруу" беренеси менен үй камагына бошотулган. Ал эми экөөбүз камалганбыз. Абакта отурганыма апрель айында төрт жыл болот. Жаңы кодекс менен эсептегенде жаза мөөнөтүм бүтүп деле калды. Себеби сот иши аяктагыча 1 жыл СИЗО-1де отурдум. Ал жактагы бир күнүң эки күн болуп эсептелет", - дейт ал өз сөзүндө.

Ошондой эле эркиндикке чыксам балдарымды багып, аларга татыктуу тарбия берип чоңойтом деп кыялданат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
katerina.li
2019-03-21 17:13:58
Жапжаш туруп адам сатканын жаман экен. Кудай сактасын
+8
warcaw
2019-03-21 17:22:51
Түрмө эмес эле квартира го
+38
kazakov1991
2019-03-21 17:56:49
Куйоосу жок болсо камалганына 4жыл болсо 2жашар 8-айлык кызы болсо,кыздын атасы ким экен....
+22
CHOTON_86
2019-03-21 19:37:03
kazakov1991, Арбир болунгон жеринде,
аркайсы Адамар жазылып турат. Даагы бир жолу
окуп чыгышынызды суранабыз. Бир эле адамдын ойюу жазылган эмес. 2 же 3 адамдын создору жазылган
-6
trabzon11
2019-03-21 20:04:33
CHOTON_86,сени суранат элем дагы
Бир жолу окуп деп.себеби тиги туура
Эле сурап атат.
+5
Kymbatym
2019-03-21 20:32:11
CHOTON_86,Көп адамдын маеги эмес эле бир эле келиндин окуясы болуп атат силер түшүнбөй калыпсыңар
+4
trabzon11
2019-03-21 20:06:05
kazakov1991,турмодон болгондур же ким
Билет куйосунон болуп эртеси турмого
тушкондур
+1
Azura
2019-03-22 00:53:12
kazakov1991, 4 жыл болот дейт, из них 1 жыл сизо, Бир кун эки кун болуп эсептелет, ошондо толук 3 жыл отурган, баласы 2 жаш 8 ай, ошондо 5 айлык боюнда бар болуп камалган.
+2
katerina.li
2019-03-21 18:16:40
Адам сатканда кулчулукка сатып ийгенби ошондо бул аял же жаны толролгон бала саткнбы???
+4
Shekeev969798
2019-03-21 19:10:20
3 жашка чыкса балдар уйуно алып койсо апасы сагынатко ии
+5
Umakg
2019-03-21 19:49:34
Кудай сактасын мындай нерседен бирок кылган ишине жоп берсин кудай билеты ким кылды
+4
izdeim_seni
2019-03-21 21:08:35
Кыргызстанда эмне эки башка мыйзам иштейби? Эмнеге Аида Салянова баласы бар деп камалбайт да,мындай балалуу жөнөкөй жарандар камалат? Адилеттүүлүк кайда?
+12
Baatirbek81
2019-03-21 22:15:37
izdeim_seni,ак сөөктөргө мыйзам иштебейт,иштесе дагы акча чечет!
+8
Azura
2019-03-22 00:55:04
izdeim_seni,статьяга жараша. Адам олтуруу, сатуу, зордук-зомбулук ж.б. оор кылмыштар баласы бар экенине каралбай дароо камалат
+2
Ayida
2019-03-21 23:34:14
Элдер отоо жаман шартта жашашат булардыкы оз уйунон жакшыго тообо кылдым ушундай шартда экенго
+3
zhigitaly
2019-03-22 00:11:22
Адамдын тагдыры менен ойнобоо керек
+3
zhigitaly
2019-03-22 00:12:12
Адам Саттым эле дейт го
+3
tokitok
2019-03-22 10:41:41
Норм жашайт экен. Бирок кээ бир мисалы оор кылмыш мн тушкондор ушундай шартта жашашса наказания деле болбой калат го. Мамлекет багып. Ну конечно может башкачадыр. Иши кылып эч кимге жамандык тилебедим булар да тируу жан.
+3
Rifle_I
2019-03-22 11:10:09
Мектептен акча аясаң түрмө курасың деген ушул да. Булардын шарты биздин жашаган квартиранын шартынан жакшы го. Кудай сактасын мындай жерде жашагандан, идиш аягы алтындан болсо да биздин жашоого жетпейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан