Бүгүн, 21-март Нооруз майрамы Ош шаарында шаңдуу белгиленүүдө. Шаардын борбордук аянтында майрамдык иш-чара өтүп, ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана шаар тургундары менен коноктор катышты. Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, келген элге сүмөлөк таратылды.
Өкмөт башчы эл алдында сүйлөп жатып 2019-жыл Ош шаары үчүн жакшы жаңылык менен башталганын белгилеп, элди куттуктады.
"Бардык жарандарыбызга өкмөттүн демилгелерин колдоолору үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Дагы бир сөзгө токтоло кетким келет, 2019-жыл жакшы жаңылык менен башталды. Эл аралык өтө абройлуу Түрксой уюму тарабынан ордолуу Ош шаарыбыз түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды. 3 миң жылдык тарыхы бар байыркы Ош шаарын жана көөнө маданиятыбызды жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү милдети турат. Бул эки чоң иш-чараны мына сиздер менен чогуу ийгиликте, дүйнөгө дүңгүрөтө өткөрөбүз деп ишенебиз", - деди Абылгазиев.
Өкмөт башчы белгилегендей, байыркы Нооруз баарыбызды кечиримдүү, айкөл болууга чакырат.
"Бул майрамда ар бирибиз аруу тилектерди айтып, алдыбызга асыл максаттарды коёбуз. Аларды ишке ашыруу үчүн эң башкысы өлкөдө туруктуулук, элибиздин достугунун бекемдиги, бири-бирибизге болгон ишеничибиз күчтүү болушу зарыл. Өзүбүздү өзүбүз урматтап-сыйлап, кечиримдүү болушубуз керек", - деди ал.